Талант Мамытов Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы менен видеоконференцияда баарлашты

26-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 58

ЖК Төрагасы Талант Мамытов Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен видеоконференцияда баарлашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Баарлашууда тараптар эки өлкө ортосундагы жана парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелерди талкуулап, коопсуздук жана соода-экономикалык тармактарда өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү.

Төрага Талант Мамытов Кыргызстан Кытай менен болгон кызматташтыкка артыкчылыктуу маани берээрин белгилеп: “Кытай Кыргызстан үчүн жакшы коңшу эле эмес, ишенимдүү өнөктөш жана жакын дос. Эки өлкө ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө болчу өз ара ишенимдин жогорку деңгээлин сактап келет”, – деди.

Ошондой эле, ал эки өлкөнүн ортосундагы түз аба каттамдарын калыбына келтирүү маселесин көтөрүп, “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө пункттарынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, кыргыз студенттеринин Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алуусун кайрадан калыбына келтирүүгө жана студенттик визаларды берүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Мындан тышкары, пандемия учурунда көрсөткөн колдоосу, ошондой эле кошумча 5 миллион доза вакцина берүү чечими үчүн Кытай тарапка ыраазычылык билдирди.

26-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 58
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X