Талант Мамытов менен Каныбек Туманбаев Майлуу-Суудагы индустриалдык парктын иши менен таанышты

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 168

Жогорку Кеңештеги «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобунун жетекчиси Талант Мамытов Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев менен бирге Майлуу-Суу шаарындагы индустриалдык паркка барды.

Иш сапардын жүрүшүндө депутат парктагы ишканалардын учурдагы ишмердүүлүгү, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жана алдыдагы пландары менен таанышты.

Өндүрүштү кеңейтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле ишканалардын ишине тоскоол болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштар каралды.Возможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей и текст

Талант Мамытов индустриалдык парктагы ишканалардын туруктуу иштеши Майлуу-Суунун экономикалык өнүгүүсүнө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи. Ал көтөрүлгөн маселелер боюнча керектүү колдоо көрсөтүүгө аракет кыларын билдирди.

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 168
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X