«Талас даамы» ишканасынын директору Бактыбек Тууганбаев: Сүттүн баасы ири фермалар түзүлгөндө гана чечилет

8-июнь, 2026-ж. / Редакция / Маек 291

Өлкөбүз мал чарбачылыгы өнүккөн мамлекеттердин катарына киргени менен акыркы жылдары эт менен сүттүн баасы туруктуу болбой, бул тармактагы азык-түлүктөрдүн наркы жылдан-жылга өсүүдө. Ошол эле учурда айыл жергесинде мал багып, сүт өндүрүп жаткан фермерлер дагы бир катар көйгөйлөргө туш болуп келишет. Бул жолу Талас облусундагы «Талас даамы» сүт ишканасынын директору Бактыбек Тууганбаев менен сүт тармагынын бүгүнкү абалы, анын негизги көйгөйлөрү жана келечеги тууралуу маек курдук.

— Бүгүнкү күндө сүт өндүрүүчүлөр кандай маселелер менен иш алып барып жатышат?

– «Талас даамы» ишканасынын түзүлгөнүнө быйыл 23 жыл болду. Азыркы учурда облус боюнча 5000ге жакын адамдан сүт чогултабыз. Ишибизди жаңы баштаган жылдары элдин жашоо-шарты кыйла оор болчу. Азыр мурдагыга салыштырмалуу турмуш деңгээл жакшырды. Бирок жашоо-шарттын оңолушу менен көптөр мал багуунун түйшүгүн тарткысы келбей, шаарга же чет өлкөлөргө кетүүнү артык көрүп калышты.
Коомчулукта сүт азыктарынын баасы көтөрүлүп кетсе эле кайра иштетүүчү заводдорду күнөөлөп, маселенин түпкү себебине көңүл бургандар аз. Чындыгында көйгөй кайра иштетүүчү ишканаларда эмес, чийки заттын жетишсиздигинде жатат. Эгер өлкөдө эт жана сүт багытындагы ири чарбалар көбөйүп, заманбап фермалар түзүлсө, өндүрүш көлөмү да өсөт эле. Ишкерлер экспорттук рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк алып, тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогоруламак. Натыйжада өндүрүштүн өздүк наркы төмөндөп, баалардын туруктуулугу камсыздалмак.
Ошондуктан айыл жерлеринде жүздөгөн баш бодо мал кармаган ири фермаларды түзүү мезгил талабы болуп калды. Андай чарбаларда саан жүргүзүү, тоют берүү жана малды кароо процесстери автоматташтырылып, заманбап технологиялар колдонулушу керек. Мына ошондо гана сүт тармагындагы көптөн бери чечилбей келе жаткан маселелерди системалуу түрдө жөнгө салууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

– Өкмөт тарабынан дыйкан-фермерлерди колдоо максатында жеңилдетилген насыялар берилип жатат. Бул мүмкүнчүлүктөр сүт багытында иш алып барган фермерлерге канчалык деңгээлде жеткиликтүү болууда?

– Өткөн жылы сүт багытындагы чарбаларды өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан 3 пайыздык үстөк менен 2 млрд сом жеңилдетилген насыя бөлүнгөн. Бирок анын болгону 450 млн сомго жакын бөлүгү гана өздөштүрүлгөн. Мунун негизги себептеринин бири – сүт багытындагы асыл тукум уйларды сырттан алып келүүдөгү тоскоолдуктар. Мындай малдардын көбү Европа өлкөлөрүнөн жана Орусиядан ташылып келет. Акыркы жылдары чек аралардагы чектөөлөрдөн улам фермерлер мал сатып алып келүүдө олуттуу кыйынчылыктарга туш болушту. Маселен, Казакстан дагы чек арасын жакында гана ачты.
Мамлекет каржылык колдоо көрсөткөндөн кийин фермерлерге асыл тукум малды алып келүү маселесин да комплекстүү чечип бериши керек. Эгер биз ири сүт фермаларын түзө алсак, ички рынокту камсыздоо менен катар экспорттук багытта дагы ишенимдүү иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Сүт азыктарын экспорттоо жеке ишкерлер үчүн гана эмес, жалпы өлкө экономикасы үчүн дагы маанилүү багыт болуп саналат.
Учурда сүт өндүрүүчү ишканалар экспортто бир катар тоскоолдуктарга туш болууда. Анын ичинде мал арасында ар кандай жугуштуу оорулардын катталышы дагы чоң көйгөй жаратып жатат. Ушул маселелер боюнча мен Талас облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевге кайрылып, облус боюнча сүт багытында иш алып барып жаткан жыйырмага жакын фермерди колдоо боюнча сунуш киргизген элем.
Коңшу Өзбекстан бул маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл буруп жатат. Алар чек арадагы кыйынчылыктарга карабастан фермерлерге жардам берүү үчүн асыл тукум малдарды аба транспорту аркылуу алып келүүнүн жолдорун карашууда. Биз дагы учурда ортомчулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ушундай мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп жатабыз. Бирок бул маселелерди жеке фермерлер эмес, мамлекет менен биргеликте чечкенде гана натыйжалуу болот.
2022-жылы Талас облусунун бир катар фермерлери өз демилгебиз менен Орусияга барып, ал жактагы ири чарбалардын иш-тажрыйбасы менен таанышып келгенбиз. Саратов облусундагы Трудовой айылында бир фермердин 13 миң баш уй кармаган чарбасын көрдүк. Ал голштин-иванский багытындагы уйларды багып, күн сайын 160 тоннага чейин сүт өндүрөт экен. Бул тажрыйба биздин фермерлер үчүн чоң сабак болду. Ошол сапардан кийин барган фермерлердин бири 100 баш, дагы бири 50 баш сүт багытындагы уй алып, өз чарбасын кеңейтишти.

– Айыл жерлеринде сүт өткөргөн тургундар сүт заводдору сүттү арзан баада кабыл алып жатат деген дооматтарды көп айтышат. Бул маселе боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

– Биздеги көпчүлүк үй шартында багылган уйлар суткасына орточо 7–8 л сүт берет. Бир жылда 365 күн болсо, анын болжол менен эки айында уй байып, сүт бербей калат. Демек, бир уй жылына орто эсеп менен 2300–2400 л сүт өндүрөт. Мисалы, Таласта бир уй күнүнө орточо 7 л, Чүйдө 8 л сүт берет. Ал эми Орусияда бул көрсөткүч 20 л, Беларуста 25 л, Европа өлкөлөрүндө “семинтал” породасы 25 л, “галстин» породасы 30–40 литрге чейин берет. Чынында, бүгүнкү күндө сүттүн сатып алуу баасы 100 сомго жеткен күндө дагы тармактагы бардык чыгымдарды толук жабуу оңой эмес. Ошондуктан негизги көңүлдү баага эмес, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга бурушубуз керек.
Бүгүнкү күндө сүт өндүрүп киреше табам деген фермер кеминде 20–25 л сүт берген асыл тукум уйларды багууга өтүшү зарыл. Тилекке каршы, акыркы 30 жыл аралыгында өлкөгө жогорку өндүрүмдүү асыл тукум уйлар массалык түрдө алынып келинген жок. Мисалы, Талас облусуна 2022-жылдан бери болгону 200 баштай гана асыл тукум уй келген.
Мурда чек аралар ачык кезде бир уйду 2600 еврого чейин алып келүүгө мүмкүн болсо, азыр аба жолу аркылуу ташыганда анын баасы 4100 еврого чейин жетип жатат. Мындай чыгымды жаңыдан иш баштаган фермердин көтөрүшү өтө кыйын. Ошондуктан мамлекет бул багытта түздөн-түз колдоо көрсөтүшү керек. Коңшу Өзбекстанда фермерлерге дотациялык жардам берүү механизмдери иштеп жатат. Биз дагы ошондой тажрыйбаларды колдонуп, асыл тукум малдарды зарыл болсо аба транспорту аркылуу алып келүүгө шарт түзүшүбүз керек. Сүттүн баасына байланыштуу бардык жоопкерчиликти заводдорго жүктөй бербей, фермерлерди өнүктүрүүгө багытталган саясатка өтүү зарыл.
Өткөн жылы Германиянын Мюнхен шаарынан келген фермерлер менен жолугуштук. Алар өздөрүндө сүттүн сатып алуу баасы биздин акчага айландырганда болжол менен 40 сомдун тегерегинде экенин айтышты. Биз болсо кыш мезгилинде сүттү 45 сомдон алып калуудабыз. Жаңы дайындалган айыл чарба министри тоют базасын чыңдоо жана малдын породалык курамын жакшыртуу боюнча жакшы демилгелерди көтөрүүдө. Эми ошол иштер кагаз жүзүндө калбай, практикалык натыйжа берсе жакшы болмок. Тилекке каршы, мамлекет көп учурда сүт өндүрүүчүлөр менен кайра иштетүүчү ишканаларды өз алдынча эле маселени чечүүгө калтырып келет. Бир жагынан заводдорго сүттү 50 сомдон сатып алгыла деген талап коюлат. Бирок сүт кымбат алынганда анын чыгымы даяр продукциянын өздүк наркына кошулат. Натыйжада дүкөндөргө чыккан азыктын баасы дагы өсөт.
Азыр биз сүттү элден орточо 32 сомдон сатып алабыз. Аны ташуу, муздатуу жана кайра иштетүү чыгымдарын кошкондо заводго жеткенге чейин баасы 40 сомдун тегерегине чыгат. Мындан тышкары, калктан чогултулган сүттүн көпчүлүгү жогорку өндүрүмдүү сүт багытындагы уйлардан алынбагандыктан, анын сапаттык көрсөткүчтөрү дагы төмөнүрөөк болот. Биз болсо өнөктөш болуп иштеп жаткан фермерлерден 100–150 чакырым алыстыкта жайгашса дагы атайын транспорт жөнөтүп, муздаткыч жабдуулар аркылуу сүттү жыл бою үзгүлтүксүз сатып алабыз. Учурда биз менен туруктуу иштешкен беш фермер бар. Жалпысынан сүт багытында иштеген жыйырмадай фермер менен кызматташып келебиз. Алардын сүтүн жогорку баада сатып алып, бул тармактан кетип калбашы үчүн мүмкүн болушунча колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз.

– Сиздер чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташып, тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүп келесиздер. Бул багыттагы байкоолоруңуздар кандай?

– Орусия жана Казакстан сыяктуу өлкөлөр менен салыштырып караганда, Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарынын табигый сапаты жана даамдык өзгөчөлүктөрү кыйла жогору. Биздин өлкөнүн тоолуу аймакта жайгашканы, таза суу ресурстарынын көптүгү жана жайыттардын сапаты сүттүн табигый касиеттерине оң таасирин тийгизет. Ошондуктан биздин азыктар сапаты жагынан атаандашууга толук жөндөмдүү.
2005-жылдары Франциянын Жюра департаменти менен кызматташып, тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзгөнбүз. Ошондо бизди таң калтырган нерсе –
калкынын саны болжол менен Талас облусундай болгон аймакта эки жүзгө жакын кайра иштетүүчү заводдун иштеп турушу болду. Бул ошол аймактагы өндүрүштүн, фермердик чарбалардын жана жалпы экономиканын канчалык деңгээлде өнүккөнүн көрсөтүп турат.
Биз дагы 2012-жылга чейин негизинен Казакстан рыногуна экспортко иштеп келгенбиз. Бирок кийин коңшу өлкө өз өндүрүүчүлөрүн коргоо максатында бир катар чектөөлөрдү киргизип, биздин ишкерлер үчүн экспорттук мүмкүнчүлүктөр кыйла татаалдашты. Бүгүнкү күндө Москва шаарындагы өнөктөштөр ай сайын 20 тоннага чейин май жеткирүү боюнча сунуштарды берип жатышат. Тилекке каршы, бизде өндүрүш көлөмү жетишсиз болгондуктан мындай суроо-талаптарды камсыздай албай жатабыз.
Коңшу Казакстанда өндүрүш тармагына мамлекеттик колдоо күчтүү жүргүзүлөт. Мисалы, ишкер 1 млн долларлык завод курса, анын чыгымынын 25 пайызын мамлекет субсидия катары төлөп берүүдө. Мындай шарттар инвесторлор үчүн чоң стимул болуп саналат. Мунун натыйжасында Кыргызстанда түптөлгөн айрым ири компаниялар дагы өндүрүшүн Казакстанга көчүрүп жатышат. Маселен, «Шин-Лайн» компаниясы Казакстанга болжол менен 100 млн долларлык заманбап завод куруп, өндүрүштү толугу менен автоматташтырган. Учурда алардын продукциясы эл аралык рынокко чыгып, балмуздактары Дубайга чейин экспорттолууда. Азыр айрым ишкерлер коңшу мамлекеттердеги 1 пайыздык жеңилдетилген насыялардан жана башка колдоо механизмдеринен пайдаланып, бизнесин ошол жакка көчүрүүгө аргасыз болуп жатышат.

– Чет өлкөлөрдөн алып келинген асыл тукум уйлар биздин климаттык шарттарга канчалык деңгээлде ыңгайлашып жатат?

– Беш жыл мурда бир топ фермерлерди уюштуруп, Орусияга тажрыйба алмашуу сапарына алып барганбыз. Ал жактагы заманбап чарбаларды көргөндөн кийин фермерлердин көз карашы өзгөрүп, сүт багытындагы чарбаларды өнүктүрүүгө болгон кызыгуусу күчөдү. Учурда алардын айрымдары Чехиядан жана башка Европа өлкөлөрүнөн асыл тукум уйларды алып келип, ийгиликтүү иштетип жатышат.
Азыркы учурда биз сүт багытындагы чарбаларды өнүктүрүүгө кызыкдар болгон жыйырмадай фермер менен узак мөөнөттүү келишим түзүп, тыгыз иштешип, алардын өндүргөн сүтүн жылдын бардык мезгилинде туруктуу түрдө сатып алып, баасын 40 сомдон төмөн түшүрбөөгө аракет кылып келебиз. Мен облус жетекчилерине дагы ушул маселени көтөрүп келем. Облуска жок дегенде миң баш асыл тукум сүт багытындагы уй алып келүүгө шарт түзүлсө жакшы болмок. Мындай чарбалардын ийгилигин көргөн башка фермерлер дагы сүт өндүрүшүнө кызыгып, бул тармактын өнүгүшүнө жаңы дем берилмек.

– Элден сүттү чогултуу жана өз убагында кабыл алуу иштери кандай уюштурулат?

– Бул багытта дагы акыркы жылдары бир топ өзгөрүүлөр болду. Союз мезгилинде айыл ичинде үч-төрт гана кабыл алуу пункту иштеп, эл сүтүн ошол жерлерге өзү алып келип өткөрчү. Биз болсо белгиленген убакытта келип, чогултулган сүттү алып кетчүбүз. Азыр болсо абал таптакыр башкача. Көпчүлүк учурда элдин үйүнө чейин барып, сүттү өзүбүз чогултууга туура келет. Мурда эртең мененки саат тогуздарга чейин сүттү кабыл алып бүтүп, айылдан чыгып кетчү элек. Азыр болсо айрымдар бир нече кадам басып келип өткөрүүгө да көнбөй калышты. «Сен албасаң башкасы алып кетет» деген түшүнүк пайда болгон. Мунун баары акыр аягында сүттүн сапатына терс таасирин тийгизүүдө.
Бүгүнкү күндө биздин рынокко Орусия менен Беларустан көп көлөмдө сүт азыктары импорттолууда. Ал өлкөлөрдө ири фермалар өнүккөндүктөн өндүрүш көлөмү чоң, өздүк наркы төмөн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогору. Натыйжада алар арзан баадагы продукциялар менен рынокко чыгууда. Эгер Кыргызстанда дагы сүт өндүрүүчүлөргө жана кайра иштетүүчү ишканаларга жетиштүү колдоо көрсөтүлбөсө, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн атаандаштыкка туруштук берүүсү кыйындайт. Мындай шартта айрым ишканалардын жабылып калуу коркунучу жаралышы мүмкүн. Ошондуктан бул тармакты өнүктүрүү маселеси бир гана ишкерлердин эмес, жалпы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан маанилүү маселе болуп саналат.

– Ишканада кадр маселеси кандай? Жумушчу күчү жетиштүүбү?

– Бүгүнкү күндө өндүрүш тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири – кадр жетишсиздиги. Заводдо туруктуу иштей турган кызматкерлерди табуу жана кармап калуу жылдан-жылга кыйындап баратат. Айрыкча жаштар арасында чет өлкөгө чыгып иштөөгө кызыгуу күч болуп жатат. Натыйжада өндүрүш, айыл чарба жана кайра иштетүү тармактарында жумушчу күчүнүн тартыштыгы сезилүүдө. Биздин ишканада көбүнчө 40–50 чакырым алыстыктагы айылдардан келип иштегендер арбын. Жумушчуларга күнүнө орточо үч миң сомдун тегерегинде эмгек акы төлөп жатабыз. Бирок ага карабастан өндүрүштө туруктуу иштөөгө кызыккан адамдардын саны аз. Көпчүлүк жаштар чет өлкөдө көбүрөөк киреше табууга мүмкүнчүлүк бар деп эсептешет.
Эгер айыл чарба жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрөбүз десек, кадр маселесине дагы өзгөчө көңүл буруу зарыл. Анткени, заманбап жабдууларды сатып алуу мүмкүн, ал эми тажрыйбалуу жана жоопкерчиликтүү адистерди даярдоо көп убакытты талап кылат. Ишканабызда адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп, технолог адистердин тажрыйбасын арттыруу үчүн Орусиядагы алдыңкы өндүрүш ишканаларына жана Франциянын Жюра департаментине окууга, тажрыйба алмашууга жиберип турабыз. Буга чейин Япониянын алдыңкы сүт заводдоруна жиберип, адистерибиз ал жактан жакшы тажрыйбага ээ болуп келишкен. Ошол эле учурда өндүрүш тармагында эмгектенген адистердин эмгегин мамлекеттик деңгээлде баалоо зарыл деп эсептейбиз. Өндүрүшчүлөр өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келишет. Маселен, биздин ишкана акыркы бир жылдын ичинде эле салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү кошкондо бюджетке 26 млн сом төлөдү.
“Талас даамы» ишканасынын эмгеги мамлекеттик деңгээлде бир нече ирет жогору бааланган. Ишкана 2004-жылы Талас облусунун 60 жылдык мааракесине карата Президенттин Ардак грамотасы, 2010-жылы «Өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамына, 2016-жылы да ишканабыз Президенттин Ардак грамотасы менен сыйланган. Бул сыйлыктар ишкананын өлкөнүн азык-түлүк өндүрүшүн өнүктүрүүгө кошкон салымынын жана көп жылдык үзүрлүү эмгегинин натыйжасы болуп саналат.

Кенже Осмоналиева

8-июнь, 2026-ж. / Редакция / Маек 291
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X