Талас облусунда 15 гектарга жакын жер аянты мамлекетке кайтарылды

24-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 45

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти Маалыматка ылайык, Айтматов районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кара-Буура айыл өкмөтүндөгү 14,73 гектар айыл чарба багытындагы жер тилке жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө өткөрүлгөндүгү аныкталган.

Текшерүүнүн натыйжасында, райондук прокуратура тарабынан баасы 6 млн 838 миң сомду түзгөн 14,73 гектар жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.

24-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X