Талас облусунда 37 турак үйдүн короосун сел каптады

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда Бакай-Ата районунда кечээ саат 18:30 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Маматай, Көк-Теке коктуларынан келген сел суулары Түйтө каналына батпай, Шадыкан айыл аймагынын Түйтө айылында жайгашкан 37 турак үйдүн короосун каптады. Ошондой эле Талас районунун Бердике айыл аймагындагы болжол менен 70 гектар айдоо жерин сел алган. Учурда аймакка ӨКМнын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, жергиликтүү эл менен биргеликте селдин кесепеттерин тазалоо иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X