Таласта 150 орундуу заманбап мектеп корпусу курулду
Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектептин окуучулары үчүн жаңы 150 орундуу окуу корпусу курулду.
Республикалык бюджеттен каржыланган долбоорго 57 млн сом жумшалып, эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метрди түздү. Жаңы корпуста заманбап окуу класстары, химия жана биология лабораториялары, китепкана, ашкана, эмгек класстары жана жыйындар залы жайгашкан.
Курулуш-монтаждоо иштерин Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөдү. Жаңы корпус жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет.