"Эркин-Тоо"

Таласта апасы 11 жаштагы кызына кошунасы сексуалдык мүнөздөгү ыплас иштерди жасаганга аракет кылганын айтып чыкты

Таласта апасы 11 жаштагы кызына кошунасы сексуалдык мүнөздөгү ыплас иштерди жасаганга аракет кылганын айтып чыкты. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

11-июнь түнү саат 00:00 чамасында Талас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Талас шаарынын 1985-жылы туулган тургуну телефон аркылуу билдирүү жасаган. Анда 11 жаштагы кызын Урмат аттуу кошунасы үйүнө алып барып, сексуалдык мүнөздөгү ыплас иштерди жасаганга аракет кылганын айткан.

Аталган билдирүү боюнча Талас ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган. Тургун арыз менен кайрылып, 10-июнь күнү болжолдуу саат 15:30 чамасында 2010-жылы туулган кызы кошунасы үйүнө алып барып, сексуалдык мүнөздөгү ыплас иштерди жасаганга аракет кылганын билдирип, Урмат аттуу жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты Талас ШИИБдин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталган. Кошунасынын 1983-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Аталган факты боюнча Талас ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тиешелүү соттук-эскпертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Текшерүү жүргүзүү жагы Тергөө кызматына алынып, Жазык кодексинин 158-беренеси менен кылмыш ишин козгоо жагы каралууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!