Таласта базар жана айрым соода жайлары эки күнгө жабылат
Талас шаарында санитардык тазалоо иштерине байланыштуу 10-11-сентябрда базар жана бир катар соода жайлары убактылуу иштебейт. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, эки күнгө борбордук базар, кийим-кече жана курулуш материалдарын саткан дүкөндөр, автотетик сатуучу жайлар, вулканизациялар жана башка соода түйүндөрү жабылат.
Ал эми кафе, тамактануучу жайлар жана азык-түлүк дүкөндөрү кадимки тартипте иштей берет.