Таластын жаңыланган көрүнүшү видео аркылуу көрсөтүлдү
Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев социалдык тармактагы баракчасына Таластын жаңыланган көрүнүшү тартылган видеону жарыялады.
Кадрларда шаардагы көрктөндүрүлгөн эс алуу жайлары, борбордук көчөлөр жана түнкү жарыктандырылган аймактар көрсөтүлгөн.
Видео Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата аймакта жүргүзүлүп жаткан даярдыктарды чагылдырат.
Белгилей кетсек, 11-12-сентябрда Талас облусунда Эгемендүүлүк күнүнө арналган масштабдуу майрамдык иш-чаралар өтөт.