Тапанча менен коркутуп, батир тоноого шектүүлөр кармалды
Бишкекте тоноо фактысына шектүүлө кармалды, деп билдирди 15-мартта Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы.
Кылмыш 13-мартта түнкү үч жарымдар чамасында болгон. Абай көчөсүндөгү үйлөрдүн бириндеги батирге каракчылыкка кирип, тапанча менен коркутуп, кыздын 15 миң сомун жана эки уюлдук телефонун алып кетишкен.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («каракчылык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган Б.А., жана 1998-жылы туулган С.Э. кармалды. Тинтүү учурунда алардан 4 уюлдук телефон, травматикалык тапанча жана капчык табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.