Тарых музейинде Аксы, Апрель окуяларына арналган фото-көргөзмө ачылды

17-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 47

Бүгүн, 17-мартта, улуттук тарых музейде 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында курман болгондордун элесине арналган фото-документалдык көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Көргөзмөгө окуя учурунда тартылып калган сүрөттөр жана архивдик документтер коюлган.

Ага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, тарыхчылар, маданият ишмерлери жана башкалар катышты.

Иш- чаранын уландысы Улуттук илимдер академиясында илимий-практикалык конференция менен жыйынтыкталат.

Эскерте кетсек, 2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон.

17-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 47
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X