Тарых музейине Кытай делегациясы келди

30-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 77

Улуттук тарых музейине Кытай Эл Республикасынын делегациясы иш сапары менен келди. Делегацияны Кытай Социалдык илимдер академиясынын президенти Гао Сян жана Кытайдын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин жетектеди.

Маданият министрлиги маалымдагандай, конокторду музейдин директору, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алды. Иш сапардын алкагында делегация музейдин негизги экспозициялары менен таанышып, кыргыз элинин тарыхы, маданий мурасы жана салт-санаалары тууралуу маалымат алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар илим, маданият жана тарых жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

30-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 77
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X