Тарых жана Улуттук көркөм өнөр музейлеринин иштөө убактылары өзгөрдү

11-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 38

Туристтердин жана кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук тарых музейи жана Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинин иштөө убактылары узартылды. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Ага ылайык, тарых музейи күнүгө саат 10:00дөн 20:00гө чейин, ал эми Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейи жуманын бейшемби күнү саат 11:00дөн 20:00гө чейин, калган күндөрү саат 11дөн 19:00гө чейин иш алып барат.

Буга чейин бекитилген графикке ылайык, бардык музейлер үчүн дүйшөмбү күн дем алыш катары сакталат.

11-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X