"Эркин-Тоо"

Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары жолугушту

Бүгүн, 24-январда Ташкент шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтиёр Саидов менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Экономикалык кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлеринин 26-кеңешинин алкагында өттү.

Ж.Кулубаев Б.Саидовду Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалышы менен куттуктады.

Тараптар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.

Тышкы иштер министрликтеринин башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун жана көп тараптуу форматтардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерине токтолуп, үстүбүздөгү жылга карата иш пландары боюнча пикир алмашты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!