Ташкенттеги таймаш
Кармашып урушуу боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы 4-8-июнь күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкентте өткөн VI дүйнөлүк биринчиликте 9 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Мелдешке 30дай мамлекет катышып, 200дөн ашуун спортчу күч сынашкан.
Бизден Рамис Кыдыралиев 1-орунду ээлеп алтын медаль тагынса, 2-орунга Калысбеков Нуртемир жетишип күмүш медаль алган. Аширалиев Чынтемир, Жолбонов Алмаз, Куванычбек уулу Азат, Черикбаев Максат, Байжанов Бакыт, Жолдошев Турат, Джаныбекова Айсалкын 3-орундарды ээлешип коло медаль тагынышкан. Ташкенттеги таймашта көрсөткөн ийгиликтери үчүн Бакыт уулу Кыяз менен Урматов Уланбек атайын дипломдор менен сыйланышты.
Спортчуларды Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурлан Байкулов, кармашып урушуу боюнча башкы машыктыруучу Бек Тотошев жана жоокердик кармашып урушуу боюнча башкы машыктыруучу Чынтемир Аширалиев коштоп барган. Биринчиликтин жыйынтыгы боюнча бул жааттагы жигердүү машыктыруучулук ишмердүүлүгү үчүн Чынтемир Аширалиевге атайын сыйлык ыйгарылган.