Таштандыдан табылган ымыркай оор абалда

29-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 34

Бишкек шаарында кечээ  таштанды челектен мектеп окуучулары тапкан ымыркай кыз бала экендиги айтылды.  «Ал  учурда жандандыруу бөлүмүндө»,- деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги  бүгүн. Ара төрөлгөн ымыркай 28-январь күнү эртең менен шаардык балдар ооруканасына өтө оор абалда (суук тийген) жаткырылган. Абалы туруктуу оор деп бааланууда.

29-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X