Таштандыга ыргытылган наристенин абалы
Бишкекте таштанды челегинен табылган ымыркайдын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Тез медициналык жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.
«Ымыркай бизге өтө оор абалда түшкөн. Азыр баланын абалы туруктуу оор. Биз баланы толук текшерүүдөн өткөрдүк, анализдерди алдык. Бала ара төрөлгөндүктөн абалы акырындап турукташып келе жатат. Буга убакыт керек. Биз колдон келген аракеттерди көрүп жатабыз. Дары-дармектердин баары бар», — деди ал.
Эске салсак, буга чейин Бишкектин Интергельпо көчөсүндөгү таштанды челектен окуучулар ымыркай таап алгандыгын Ленин РИИБи маалымдаган.
Милиция таштанды кыздын энеси азырынча табыла электигин билдирди.