Тазабек Икрамов: «Өзгөчө кырдаалдар министри өз арызы менен жумуштан кете турган акыбалга жетти»

Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында селдин, анын кесепеттерин жоюу тууралуу маселелерди көтөрдү. Анда эл өкүлү өзгөчө кырдаалдар министринин ишмердүүлүгүн сындап, министр өз арызы менен эле жумуштан кете турган болуп калды дейт.

«Сузак районунда бир жыл мурда сел жүрүп, зыян тарткан тургундар ошондон бери контейнерде жашап жатат. Аларды үйлүү, жайлуу кылыш керек болчу. Ушул маселени качан чечесиздер, Алмазбек Абытов?

Ошондой эле Кара-Дарыя айылына дамба куруу маселеси көтөрүлгөн. Кечээ дагы сел жүрүп, эгин талааларын суу каптап, алып кетти. Дамбага бөлүнгөн акчаны өзгөчө кырдаалдар министри, анын орун басары эмне кылды? Жакында эле министрликтин унаасы 20дан ашык адамдын өмүрүнө зыян алып келди. Ушунча окуядан кийин министр өз арызы менен деле жумуштан кете турган акыбалга жетти», — дейт Икрамов.

Депутат Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Маматывго ушул маселе боюнча жооп берип коюусун суранды.

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!