«Тазалыкка» 92 миң сом айып пул салынды

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 84

Бишкектин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын унааларынан чыккан түтүндүн көлөмү белгиленген ченемдерден ашканы аныкталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, натыйжада ишканага жалпы 92 миң сом айып пул салынды.

Пландуу текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар боюнча төрт протокол түзүлгөн.

Мындан тышкары, ишканага автоунааларды тез арада оңдоп, техникалык кароодон өткөрүү боюнча эскертме берилди.

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 84
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X