Тажикстандын премьер-министри Кыргызстанга келет
Бүгүн, 13-февралда Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин чакыруусу менен Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода Кыргызстанга келет. Бул тууралуу МинКабдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында ал Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышат. Жыйындын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлат.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары Бишкек шаарындагы инфраструктуралык ишканаларга барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышат. Иш сапар соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды бекемдөөгө багытталган.