Текебаев кытайлык тарыхчылар менен кыргыз тарыхы тууралуу сүйлөштү
Кыргызстанда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз тарыхын изилдөө боюнча кытайлык окумуштуулар менен пикир алмашуу болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, ал эки күн бою Сиань шаарындагы Түндүк-Батыш университетинин профессорлору жана кытайлык тарыхчылар менен баарлашкан.
«Биз Ысык-Көлдө, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында болдук. Ушул күндөрү байыркы көчмөн дүйнөсүнүн атмосферасына терең сүңгүп кирдик.
Эки күн бою мен кытайлык окумуштуулар, тарыхчылар, Сиань шаарындагы Түндүк-Батыш университетинин профессорлору менен баарлаштым.
Алар мага мындай дешти:
— Сиз профессор Ю Тайшандын гипотезасына — Цзюаньхандан Гэгунь жана Цзянькунга чейинки линияга гана байланып калбаңыз. Кытайда сиздер жөнүндө, кыргыздар жөнүндө маалымат абдан көп. Бул аталыштардын бирөөсү гана. Кытайлар бир чоң коомдун ар кандай бөлүктөрүн түрдүүчө атап, аларды ар башка иероглифтер менен белгилеши мүмкүн. Убакыттын өтүшү менен бул иероглифтердин айтылышы өзгөргөн. Ошондуктан бүгүн бул аталыштар бири-биринен таптакыр башкача угулушу мүмкүн, бирок мурда алар бир эле элди билдириши ыктымал. Аталыштын качан, кайсы аймакта жана ким тарабынан жазылып алынганы абдан маанилүү. Ошондуктан кытай булактарында байыркы элдер, анын ичинде сиздер — кыргыздар жөнүндө да абдан көп маалыматтар сакталып калган.
Кытайлык окумуштуулар биз менен биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти, китептин биринчи томун кеңейтип, кайра жазып чыгууга, аны Кытайдын архивдеринен жана байыркы булактарынан табыла турган жаңы маалыматтар менен толуктоого даяр экенин айтышты.
Мындан тышкары, кытайлык окумуштуулар Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых институту менен кызматташуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, кадрларды даярдоо, студенттерди алмашуу жана академиялык өз ара аракеттенүүнүн башка багыттарын өнүктүрүү жөнүндө келишимге кол коюшту», — деп жазды Текебаев .