Телефон алдамчылары уурдаган акчаны бөгөттөө механизми иштелип жатат

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 46

Кыргызстанда интернет жана телефон аркылуу жасалган алдамчылык учурларында жабырлануучулардын акчасын 30 күнгө чейин бөгөттөөгө мүмкүндүк берген «Антифрод» системасы тесттик режимде ишке киргизилүүдө.

Бул тууралуу 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева билдирди.

Анын айтымында, эгер жаран интернет же телефон алдамчыларынын айынан акчасынан айрылса, бул тууралуу маалымат Улуттук банкка жөнөтүлөт.

Жабырлануучу акча которулган эсептердин реквизиттерин туура көрсөтсө, система ал эсептердеги каражаттарды автоматтык түрдө бөгөттөй алат. Бөгөттөө мөөнөтү 30 күнгө чейин созулушу мүмкүн.

Бул механизм уурдалган акчанын башка эсептерге которулушун тез арада токтотуп, жабырлануучуларга каражаттарын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Конкубаева учурда «Антифрод» системасы тесттик режимде иштеп жатканын белгиледи.

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 46
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X