Тергөөчү пара алууга шектелип кармалды

25-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы 25-февралда тараткан маалыматка караганда, ал коррупциялык схема түзгөн деп шектелүүдө.

Атайын кызмат Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы менен бирге жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Биринчи май РИИБдин тергөөчүсү Б.У.А кармалгандар менен жолугушууга уруксат берүү үчүн опузалап акча алууга шарт түзгөнү аныкталганын белгиледи.

УКМКнын белгилешинче, ал камактагыларга жакындары менен жолугушуусуна ар кандай шылтоо менен уруксат бербей же уруксат чечимдерин создуктуруп жүргөн жана пара алып жаткан жеринен кармалган.

 

25-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X