Тестирлөө 115 тест борборунда өткөрүлүүдө
Кечээ, 18-майда республиканын бардык аймактарында Жалпы республикалык тестирлөө башталган. Тестирлөө бардык санитардык эрежелердин сакталышы менен 115 тест борборунда өткөрүлүүдө.
Тестирлөө үч этапта өткөрүлөт:
I этап: 2021-жылдын 18, 19-майында;
II этап: 2021-жылдын 21, 22-майында;
III этап: 2021-жылдын 22, 23-июнунда.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматы боюнча, ЖРТга 42 817 бүтүрүүчү катталган.