Тигүү тармагында иштегендер үчүн салыктар азайтылды
Тигүү жана текстиль тармагында иштеген ишкерлер үчүн салыктык жеңилдиктер киргизилди.
Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, 2025-жылдын 31-декабрында кабыл алынган мыйзамга ылайык, бул тармактагы ишканаларга киреше салыгынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкалары төмөндөтүлдү. Жаңы тартип 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди.
Мыйзамга ылайык, тигүү жана текстиль тармагындагы ишкерлер ар бир кызматкер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо айлык маянанын 40 пайызынын 12 пайызы өлчөмүндө төлөйт. Бул 2 115 сомдон ашат. Ал эми киреше салыгы орточо айлык эмгек акынын 1 пайызы болуп, 440 сомдун тегерегинде белгиленди. Натыйжада бир кызматкер үчүн ай сайын төлөнүүчү жалпы сумма 2 556 сомду түзөт.
Белгилей кетсек, 2026-жылы орточо айлык эмгек акы 44 миң сомдон ашат деп каралууда.
Бул чечим ата мекендик өндүрүштү колдоого, ишкерлердин салыктык жүгүн азайтууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана тигүү тармагынын ички жана тышкы рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.