Тигүүчүлөргө жана маркетплейс аркылуу соода кылган ишкерлерге салык жеңилдиги сунушталды

27-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 163

Мамлекеттик салык кызматы тигүү тармагынын ишканалары жана эл аралык маркетплейстер аркылуу товар саткан ишкерлер үчүн салыктык жеңилдик киргизүүнү сунуштады.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабековдун жетекчилиги алдында өткөн жумушчу жолугушууда ата мекендик тигүү ишканаларынын жана онлайн соода менен алектенген ишкерлердин көйгөйлөрү талкууланды.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Жолугушууда эл аралык маркетплейстердин ири логистикалык борборлорундагы үзгүлтүктөрдөн улам Кыргызстандан товар экспорттогон ишкерлер кыйынчылыкка туш болуп жатканы айтылды. Катышуучулар бул тармакка мамлекеттик колдоонун ыкчам чаралары зарыл экенин белгилешти.

Кубанычбек Ысабеков билдиргендей, Салык кызматы тигүү тармагы үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын 2026-жылдын аягына чейин убактылуу 0 пайызга түшүрүүнү сунуштап жатат. Учурда бул ставка ишканалардын кирешесинин 0,25 пайызын түзөт.Возможно, это изображение один или несколько человек

Ошондой эле эл аралык маркетплейстер аркылуу товар саткан ишкерлер үчүн да жеңилдик сунушталууда. Азыркы учурда бул категориядагы ишкерлер үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 2 пайызды түзөт.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө маркетплейстер аркылуу 30 миңге жакын ишкердик субъект иш алып барат. Алардын саны жыл сайын көбөйүүдө.

Мамлекеттик салык кызматы бул чаралар ата мекендик өндүрүштү колдоого, жумуш орундарын сактоого, экспортту жана электрондук сооданы өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.Возможно, это изображение один или несколько человек и помост

Мындан тышкары, Экономика жана коммерция министрлиги логистикалык көйгөйлөрдөн жабыркаган ишкерлердин санын аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

Жолугушууда тигүү тармагындагы ишканалар үчүн жеңилдетилген пайызсыз насыялоо программалары уланып жатканы да айтылды. Талкуунун жыйынтыгында даярдалган сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдарга кароого жөнөтүлөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X