ТИМ: Россиянын Ленинград облусунда өрт чыгып, 5 кыргызстандык жаракат алды

18-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 39

Орусиянын Ленинград облусунун Усть-Луга кыштагында кафеде өрт чыгып, Кыргызстандын беш жараны ар кандай деңгээлде жаракат алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуядан кийин 17-февралда Кыргызстандын эки жараны текшерүү үчүн Ленинград облустук ооруканасына жеткирилген, дагы үчөөнө облустагы Гатча ооруканасында медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга кое берилген.

Орусиянын тергөө органдары кылмыш ишин козгоду. Кыргызстандын Башкы консулдугу бул маселени көзөмөлдөп турат, деп айтылат маалыматта.

 

18-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X