«Тишиңе брекет коюп берем», — деп акча алып качып жүргөн жаран кармалды

26-апрель, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 37

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургун милицияга арыз менен кайрылып, тишине 34 миң 500 сомго брекет коюуну убада кылып, акчаны алып качып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.

Натыйжада, милиция кызматкерлери 25 жаштагы шектүү жаранды таап, кармашкан. Октябрь райондук соту аны тергөө учурунда Бишкектик СИЗОго камады.

 

26-апрель, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X