Тизе саламаттыгы – кыймылдын эркиндиги
Чыканак менен тизенин оорушу ар кандай себептерден келип чыгышы мүмкүн. Айрым учурда эки муундагы оорунун артында бир эле дарт турса, кээде алардын себептери ар башка болот. Анда муундардын оорушу эмнеден кабар берет, кайсы белгилерге көңүл буруу керек жана оорунун алдын алуу үчүн эмне кылуу зарыл? Ушул суроолорго жооп издеп көрдүк.
ТИЗЕГЕ ТҮШКӨН ЖҮК ООРУНУ КҮЧӨТӨТ
Ашыкча салмак, кыймылдын аздыгы жана туура эмес дарылануу муундардын абалын начарлатышы мүмкүн. Тепкичтен түшкөндө тизе ооруйт, отургучтан турганда кырсылдайт, бир аз баскандан кийин муундар талып баштайт. Көпчүлүк мындай белгилерди жаш куракка байланыштуу кадимки көрүнүш катары кабыл алып, дарыгерге кайрылууну кийинкиге калтыра беришет. Бирок тизедеги оору дайыма эле карылыктын белгиси эмес. Анын артында муундардын жабыркашы, жаракат же башка оорулар турушу мүмкүн. Адистердин айтымында, оорунун себебин эрте аныктоо, дене салмагын көзөмөлдөө жана туура кыймылдоо тизе муундарынын саламаттыгын сактоодо абдан маанилүү. Тизе мууну адам басканда, чуркаганда, отуруп-турганда дененин салмагын көтөрүп, кыймылды камсыз кылат. Ошондуктан ага ашыкча күч келиши муундун абалына терс таасирин тийгизет. Айрыкча дене салмагы нормадан жогору адамдарда тизе муундарынын эскиришине байланышкан көйгөйлөр көбүрөөк кездешет.
ЛИК жана Веданта медициналык борборлорунун ревматолог дарыгери Айдай Камбарова тизе оорусунун негизги себептеринин бири катары ашыкча салмакты белгилейт:
— Тизе – адамдын эң көп жүк көтөргөн мууну. Басканда, тепкичтен түшкөндө же отуруп-турганда ага дене салмагынын оордугу түшөт. Мындан тышкары жаш куракка байланыштуу өзгөрүүлөр, муун оорулары, кыймылдын аздыгы, физикалык жүктүн туура эмес бөлүштүрүлүшү жана мурда алган жаракаттар да ооруну пайда кылышы мүмкүн, – дейт дарыгер. Ревматологдун түшүндүрмөсүнө караганда, ашыкча салмак тизеге гана эмес, жалпы ден соолукка да терс таасирин тийгизет. Ал кант диабети, кан басымдын жогорулашы жана жүрөк-кан тамыр оорулары сыяктуу көйгөйлөрдүн коркунучун жогорулатат.
КЫРСЫЛДАГАН ТИЗЕ ЭМНЕДЕН КАБАР БЕРЕТ?
Тизе бүгүлгөндө же жазылганда чыккан кырсылдоо көпчүлүктү тынчсыздандырат. Бирок муундан үн чыгышы эле артроз бар экенин билдирбейт. Эгер кырсылдоо оору, шишик же кыймылдын чектелиши менен коштолбосо, ал кээде кадимки физиологиялык көрүнүш болушу мүмкүн. Америкалык ортопедиялык хирургдар академиясынын маалыматына ылайык, тизедеги үндөр муундун түзүлүшүнө, тарамыштардын кыймылына, жаш куракка байланышкан өзгөрүүлөргө же кемирчектин жабыркашына байланыштуу болушу мүмкүн. Ал эми кырсылдоо оору, шишик, тизенин туруксуздугу же кыймылдын чектелиши менен коштолсо, адистин текшерүүсүнөн өтүү зарыл. Демек, тизенин үнүнө гана карап диагноз коюуга болбойт. Оорунун качан башталганы, кандай кыймылда күчөй турганы жана башка белгилердин бар-жогу да маанилүү.
АРТРОЗ – КЕМИРЧЕКТИН АКЫРЫНДАП ЖЕШИЛИШИ
Тизе муунунда кеңири кездешкен оорулардын бири — артроз, башкача айтканда, остеоартрит. Бул учурда муундун түзүлүшүндө, анын ичинде сөөктөрдүн учтарын каптап турган кемирчекте өзгөрүүлөр пайда болот. Кемирчек жукарып, муундун кыймылы оорлошу мүмкүн. Айдай Камбарова артроздун белгилери көбүнчө акырындап өнүгөрүн белгилейт. Башында оору тепкичтен түшкөндө, узак басканда же отургандан кийин ордунан турганда сезилиши мүмкүн. Кийинчерээк кыймыл чектелип, күнүмдүк иштерди аткаруу кыйындай баштайт. Бирок тизенин оорушун артроз менен гана байланыштырууга болбойт. Артрит, мениск жаракаттары жана башка муун оорулары да ушундай белгилерди жаратышы мүмкүн. Ошондуктан так диагноз коюуда дарыгердин кароосу, зарыл болгон учурда рентген же башка изилдөөлөр маанилүү. АКШдагы Майо клиникасынын маалыматына ылайык, остеоартрит муундагы кемирчектен тышкары сөөктөргө жана муунду курчап турган ткандарга да таасир этет. Оору толук жоголуп кетпесе да, туура дарылоо менен белгилерин жеңилдетип, кыймыл мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга болот.
ТИЗЕ ООРУГАНДА КЫЙМЫЛСЫЗ БОЛУУ ТУУРА ЭМЕС
Муун ооруганда адам ооруну күчөтүп алуудан коркуп, мүмкүн болушунча аз кыймылдаганга аракет кылат. Бирок тизени таптакыр кыймылсыз кармоо булчуңдардын алсырашына жана кыймыл мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет. Остеоартритти дарылоо боюнча клиникалык сунуштарда көнүгүүлөр, булчуңдарды чыңдоо жана дене салмагын көзөмөлдөө негизги ыкмалардын катарына кирет. Мында көнүгүүлөр адамдын абалына жараша тандалып, жүктөм акырындап көбөйтүлүшү керек. Физиотерапевт же дарылоочу дене тарбия боюнча адис тизени ашыкча күч келтирбестен кыймылдатуунун жолдорун үйрөтө алат. Басуу, сууда көнүгүү жасоо жана сан булчуңдарын чыңдоочу ылайыктуу көнүгүүлөр айрым бейтаптар үчүн пайдалуу. Ошол эле учурда оору күчөп турганда, тизе шишигенде же жаракат алгандан кийин кыймылдоо тартибин өз алдынча аныктоо туура эмес. Мындай учурда адистин кеңеши зарыл.
ТИЗЕГЕ МАЙ КУЮУ КАНЧАЛЫК НАТЫЙЖАЛУУ?
Эл арасында тизеге «май куюу» деп аталган ыкма бар. Көбүнчө бул муундун ичине гиалурон кычкылы камтылган препараттарды саюуну билдирет. Бирок аны муундун табигый суюктугун толук калыбына келтирип, артрозду айыктыруучу каражат катары кабыл алууга болбойт. Айрым бейтаптарда мындай саймалар ооруну убактылуу жеңилдетиши мүмкүн. Ошол эле учурда алардын натыйжалуулугу боюнча медициналык сунуштар бирдей эмес. Мисалы, Америкалык ортопедиялык хирургдар академиясы гиалурон кычкылынын саймаларын тизе остеоартритинде күнүмдүк тартипте колдонууну сунуштабайт. Демек, бул ыкманы тандоо оорунун даражасына, бейтаптын абалына жана мурда колдонулган дарылоонун натыйжасына жараша дарыгер менен бирге чечилиши керек. Дары-дармектерди, ийне саюуларды же башка дарылоо ыкмаларын өз алдынча тандоо эң эле кооптуу.
ОПЕРАЦИЯГА КАЧАН МУКТАЖДЫК ЖАРАЛАТ?
Артроздун оор стадияларында кемирчектин жабыркашы күчөп, оору басуу, уктоо жана күнүмдүк иштерди аткаруу мүмкүнчүлүгүнө олуттуу тоскоолдук жаратат. Эгер башка дарылоо ыкмалары жетиштүү натыйжа бербесе, тизе муунун алмаштыруу операциясы каралышы мүмкүн. Айдай Камбарова мындай операция бейтаптын кыймылын жакшыртып, ооруну азайтууга жардам берерин белгилейт. Бирок операция тууралуу чечим оорунун рентгендеги көрүнүшүнө гана эмес, бейтаптын даттанууларына, кыймыл мүмкүнчүлүгүнө жана жашоо сапатына тийгизген таасирине жараша кабыл алынат. Операциядан кийин реабилитация, булчуңдарды чыңдоо жана дарыгердин сунуштарын аткаруу да маанилүү. Артрозу бар адамдардын баарына эле операция талап кылынбайт.
КЕМИРЧЕКТИ ТАМАК-АШ МЕНЕН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮГӨ БОЛОБУ?
Туура тамактануу жалпы ден соолукту сактоого жана дене салмагын көзөмөлдөөгө жардам берет. Күнүмдүк рациондо жашылча-жемиштер, белокко бай азыктар, балык, жумуртка, буурчак өсүмдүктөрү жана жаңгактардын болушу пайдалуу. Бирок белгилүү бир азык тизедеги кемирчекти кайра өстүрөт же муундун «кургап» калышын толук алдын алат дегенге жетиштүү далил жок. Сөөк сорпосу, курут же айранды колдонуу пайдалуу рациондун бир бөлүгү болушу мүмкүн, бирок алар артрозду өз алдынча дарылабайт. Кальций жана D витамини сөөктөрдүн саламаттыгы үчүн маанилүү. Бирок аларды кошумча түрүндө кабыл алуу зарылдыгы адамдын жашына, тамактануусуна, анализдердин жыйынтыктарына жана медициналык абалына жараша аныкталат. Витаминдерди ашыкча ичүү да зыян келтириши мүмкүн.
ЧЫКАНАК МЕНЕН ТИЗЕНИН ООРУСУ БИРИ-БИРИНЕ КАНЧАЛЫК БАЙЛАНЫШТУУ?
Муундардын оорушу жаш өткөн сайын көп кездешкен көйгөйлөрдүн бири. Айрыкча тизе жана чыканак ооруса, бул эки муундагы өзгөрүүлөрдүн өз ара байланышы барбы деген суроо жаралат. Адистердин айтымында, айрым учурларда эки муундун тең оорушуна бир эле оору себеп болушу мүмкүн. Бирок оорунун себептерин так аныктоо үчүн анын белгилерине көңүл буруу зарыл.
БИР ЭЛЕ ООРУ БИР НЕЧЕ МУУНДУ ЖАБЫРКАТЫШЫ МҮМКҮН
Тизе менен чыканактын оорушу ар кандай себептерден келип чыгат. Алардын бири — остеоартроз. Бул учурда муундагы кемирчек акырындап өзгөрүп, кыймыл учурунда оору пайда болушу мүмкүн. Остеоартроз тизеде көп кездешкени менен, чыканакта да пайда болушу ыктымал. Бирок бир муундагы артроз экинчи муундагы оорунун сөзсүз себеби болот деген түшүнүк туура эмес. Эгер чыканак менен тизе бир убакта ооруса, сезгенүү менен коштолгон муун ооруларын да эске алуу керек. Мисалы, ревматоиддик артрит иммундук системанын өз ткандарына каршы реакциясы менен байланыштуу болуп, бир нече муунду жабыркатышы мүмкүн. Мындай учурда муундардын шишиши, эртең мененки катуулук жана кыймылдоонун кыйындашы байкалат. Ошондой эле подагра сыяктуу оорулар да айрым муундарда катуу ооруну пайда кылышы мүмкүн. Анткен менен чыканак менен тизенин бир убакта оорушу эле белгилүү бир диагнозду билдирбейт. Оорунун мүнөзү, канча убакыттан бери уланып жатканы жана кошумча белгилер эске алынууга тийиш.
ООРУНУН СЕБЕБИН КАНТИП АНЫКТООГО БОЛОТ?
Жогоруда айтылгандай тизе басканда, тепкичтен түшкөндө же отурган жерден турганда ооруса, бул остеоартрозго мүнөздүү белгилердин бири болушу мүмкүн. Ал эми чыканактын оорушу колго күч келүүдөн, тарамыштардын жабыркашынан же муундагы өзгөрүүлөрдөн келип чыгышы ыктымал. Демек, эки муундун тең оорушу алардын сөзсүз бир эле оорудан жабыркаганын билдирбейт. Эгер оору узакка созулса, бир нече муун жабыркаса же шишик, эртең мененки катуулук коштолсо, ревматологго же ортопедге кайрылуу зарыл. Дарыгер муундарды текшерип, зарыл болсо кан анализдерин жана рентген же башка изилдөөлөрдү дайындайт. Дарылоо оорунун аныкталган себебине жараша жүргүзүлөт. Тизе оорусу бир нече күндөн кийин басылбай, кайра-кайра кайталанса же күнүмдүк кыймылга тоскоолдук жаратса, дарыгерге көрүнүү зарыл. Өзгөчө тизе шишип, кызарып же ысып кетсе, дене табы көтөрүлсө же жаракаттан кийин катуу оору пайда болсо, медициналык жардамды кечиктирбөө керек. Тизе муундарынын саламаттыгын сактоо бир гана дары-дармекке байланыштуу эмес. Дене салмагын көзөмөлдөө, туура кыймылдоо, жаракаттан сактануу жана оорунун алгачкы белгилерине көңүл буруу маанилүү. Эң негизгиси — ооруну жаш курактын кадимки көрүнүшү деп эсептеп, өз алдынча дарылана бербей, анын себебин өз убагында аныктоо зарыл.
Бактыгүл Кулатаева