«Токмок жылуулук менен жабдуу муниципалдык ишканасынын» директору Ролан Чойбеков: Буюрса, кыштан жылуу чыгабыз

11-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100

Чойбеков Ролан Кадырбаевичтин жетекчилик жигерине токтолсок: чейрек кылымга чукул мына ушул жылуулук берүү тармактарында эмгектенип келген. Майлуу-Суу, Кочкор-Ата жана башка шаар, райондордун жылуулук тармактарын жетектеп, жетиштүү тажрыйбаларды топтоду. Ток этери такшалды. Ал эми Токмок шаарына келгенине төрт жылдын жүзү болот. Токмок шаарынын элин жылуулук менен камсыз кылууда кыйла мээнеттерин жумшады. Президенттин быйылкы эл менен болгон жолугушууларында Ролан Кадырбаевичтерге нааразычылыктар айтылбады.

Демек, иштер жайында. “Толук кышка даярданышты, Роландар мактоого татыктуу” деген Токмок шаардык мэриясынын жетекчилеринин айткандарында талаш жок.

— Ролан Кадырбаевич, кыраан кыргыз эли “Кыштын камын жазда көр” деп бекеринен айтпаган чыгар. Сиздердин даярдыгыңыздар тууралуу өз оозуңуздан уксак. Кулак сизде…

— Биздин ишкананын негизги иши, милдети шаардыктардын үйлөрүн, мектептердин, бала бакчалардын жана ооруканалардын жайлуулугун жана жылуулугун камсыз кылуу болуп саналат. Жетекчи катары айрыкча суук түшкөн маалда ишкананын жамааты менен тыгыз иштешүүгө туура келет. Жасай турган иштерибиздин эң жооптуу этабына бир кишидей киришүүгө тийишпиз. Биз шаарыбыздын жана Чүй айылынын 10 471 абонентинин (жеке жана юридикалык жактар) кыштан жылуу чыгуусуна, жагымдуу жашоо сапатына жооп беребиз. Ошондуктан кышка даярдыктарды такай көрүп келүүгө тийишпиз. Кайдыгерликке жол жок. Ишкананын балансында 7 откана бар. Анын беши жаратылыш газы, ал эми экөөсү көмүр менен иштейт. Булардан тышкары 18 отказан (10 негизги, 8 резервдик) бар. Тейлөөчү жылуулук тармактарынын узундугу 80 чакырымды (бир түтүк эсебинде) түзөт. Техникалык жаңыртуу жана капиталдык оңдоо иштерине айрыкча мамиле керек. 2026–2027-жылдардагы жылытуу мезгилине катуу даярдандык. Мыкты даярдыктын алкагында бир катар негизги оңдоолорду жана модернизациялоо иштерин илгерилеттик. Айрыкча жабдууларды жаңыртууга аракетти аябадык. Ар кандай моделдеги жана кубаттуулуктагы 9 жаңы насос сатылып алынып орнотулду. Эки отказан (КИПиА жабдууларын толугу менен калыбына келтирүү менен ПТВМ казаны), ошондой эле сууну химиялык тазалоочу 3 фильтр (ХВО) капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.

— Профилактикалык жана текшерүү иштери кандай жолго коюлду? Алгылыктуу иштердин алдын алуу акыбетин берет эмеспи.

— Туура айтасыз, ар бир жасалуучу иштерди кылдат текшерүүлөрдөн өз мезгилинде өткөрүп турсак, ишеним бекемделет. Айталык, отканалардын, насостук агрегаттардын, жылуулук алмаштыргычтардын жана бекитип жөнгө салуучу арматуралардын негизги жана көмөкчү жабдуулары толугу менен оңдолуп, текшерилди. Жылуулук тармактарын оңдоо чыңдалды. Жалпы узундугу 2,329 чакырым болгон ар кандай диаметрдеги авариялык түтүк участоктору алмаштырылды. Сыноо жана текшерүү боюнча айтсак: тармактардын бекемдиги жана герметиктүүлүгү боюнча гидравликалык сыноолор, бекитип жөнгө салуучу арматураларды текшерүү жана турак үйлөрдүн ички жылытуу системаларын оңдоо иштери ийгиликтүү өткөрүлдү. Иштердин ийгилиги ишенимдүүлүккө комплекстүү мамиледен байкалат. Негизги жабдуулар менен иштөөдөн тышкары ишкананын адистери отканалардын жана туз чарбаларынын имараттарын даярдап, электр жабдууларын текшерип, ошондой эле газ, суу, электр энергиясын эсепке алуучу приборлорду жана контролдук ченөөчү приборлорду текшерип чыгышты. Туура уюштурулган логистикалык иш-чаралардын натыйжасы жемишин берүүдө. Буюрса кыштан жылуу чыгууга бардык күчүбүздү жумшайбыз. Иштин татаалдыгына карашпай кабагым-кашым дебей иштеп жаткан кесиптештериме ийгиликтерди каалайм. Айлык акыларын жогорулатып алсак жакшы болор эле. Тилегибиз ишке ашып калар. Жакшылыктардан үмүт үзбөйлү.

Айчүрөк Макешова

11-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X