Токтогул шаарында ири сүт заводу ишке кирди
Бул тууралуу Токтогул райондук администрациясынан билдиришти. Ишкана заманбап жабдуулар менен камсыздалып, каймак, май, сүт, йогурт, сыр, быштак жана бал муздак өндүрүлөт. Завод Токтогул районун жана Кара-Көл шаарынын жашоочуларын аталган азыктар менен камсыздайт.