Тоң аймактык ооруканасына заманбап саркынды суу тазалоочу система орнотулду

22-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 146

Тоң аймактык ооруканасында Корея Республикасынын Экология министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылган саркынды сууларды тазалоочу заманбап SBR технологиясындагы экологиялык долбоор расмий түрдө жыйынтыкталды. Долбоор аймактагы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана медициналык мекемеден чыккан саркынды сууларды заманбап талаптарга ылайык тазалоо максатында жүзөгө ашырылды.

Белгилей кетсек, аталган демилге эки жылга жакын убакыт мурда көтөрүлүп, ушул мезгил аралыгында эл аралык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, техникалык даярдыктар жана экологиялык изилдөөлөр ишке ашырылган. Долбоордун алкагында Түштүк Кореядан келген адистер бир нече ирет Тоң районуна келип, жеринде изилдөө иштерин жүргүзүп, техникалык баалоолорду өткөрүшкөн.

Жыйынтыгында оорукана аймагына онлайн-мониторинг системасы менен жабдылган заманбап тазалоочу курулма орнотулду. Бул система саркынды сууларды тазалоо процессин автоматтык түрдө көзөмөлдөп, экологиялык коопсуздукту камсыздоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, оорукананын кызматкерлери жаңы технология менен иштөө боюнча атайын окуудан өткөрүлүп, тиешелүү практикалык көндүмдөргө ээ болушту.

Долбоордун жыйынтыгы менен таанышуу учурунда Марлен Абдрахманович бул экологиялык долбоордун аймак үчүн мааниси чоң экенин белгиледи. Ал заманбап тазалоочу системалар калктын саламаттыгын сактоодо жана айлана-чөйрөнү коргоодо өзгөчө роль ойной турганын айтып, мындай ийгиликтүү тажрыйбаларды өлкөнүн башка аймактарына дагы жайылтуу зарылдыгын билдирди.

Адистердин айтымында, SBR технологиясы экологиялык жактан натыйжалуу жана дүйнөлүк практикада кеңири колдонулган заманбап ыкмалардын бири болуп эсептелет. Долбоордун ишке ашырылышы Тоң районундагы экологиялык абалды жакшыртууга жана медициналык мекемелердин инфраструктурасын жаңылоого багытталган маанилүү кадамдардын бири катары бааланууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X