Тоң районунун Көк-Сай айылында 275 орундуу жаңы мектеп курулууда
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 155 миллион сомду түзөт.
Курулуш иштери 2025-жылдын ноябрь айында башталган. Учурда эки кабаттуу имарат тургузулуп, ички шыбак иштери аткарылууда.
Жалпы аянты 3036 чарчы метрди түзгөн мектеп төрт блоктон турат. Анда окуу класстары, лаборатория, компьютердик класс, ашкана, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана спорт залы каралган.
Курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.