Төө-Ашууда катуу бороон башталып, жолдо жүрүү кыйындады
Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусундагы 128–130-чакырымдар аралыгында катуу бороон башталды. Анын кесепетинен айдоочулардын жолду көрүү мүмкүнчүлүгү начарлап, оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшү кыйындады.
Маалыматка ылайык, учурда ЖТМ-9дун кызматкерлери жолду тейлөө иштерин штаттык режимде улантууда.
Жолдун абалына жана аба ырайына байкоо жүргүзүлүп жатат. Эгерде бороон басылбаса, оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына кайрадан убактылуу чектөө киргизилиши мүмкүн.
Айдоочуларга жолдо этият болуу, ылдамдыкты азайтуу жана жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо эскертилди.