Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
Бүгүн, 11-ноябрда, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, жаан-чачынга байланыштуу бир катар унаа жолдорунда кар тазалоо жана тайгакка каршы иштер жүргүзүлүүдө. Айрым ашууларда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек–Ош унаа жолунун 114–138 жана 198–209-чакырымдарында кар тазаланып, жолго кум-туз аралашмасы себилүүдө. Учурда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Ал эми Төө-Ашуу ашуусунда аба ырайынын начарлашына байланыштуу оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Чектөө 11-ноябрда саат 06:00дөн тартып Сосновка постунан баштап күчүнө кирген.
Өтмөк ашуусунда да кар жаап жаткандыктан жол тазалоо иштери жүрүүдө. Учурда каттам бар. Ошондой эле Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолунун 60-чакырымындагы «Алим» оор жүк ташуучу унаалардын токтотуучу жайынан тартып, мындай унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.
Боом капчыгайында жамгыр жаап жатканы менен жолдор таза жана каттам ачык.
Жол кызматкерлери унаа жолдорунда көзөмөл жүргүзүп, коопсуздукту камсыздоо иштерин улантууда.
Министрлик айдоочуларды аба ырайын эске алып, ылдамдыкты азайтууга, жол эрежелерин так сактоого жана убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.