Төө-Ашуудагы чектөө алынды
Бүгүн, 11-ноябрда, саат 11:00дөн тарта Бишкек–Ош автожолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген убактылуу чектөө алынды.
Маалыматка ылайык, аба ырайынын шарттарына байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана тыгындардын алдын алуу максатында оор жүк ташуучу унаалардын каттамына убактылуу чектөө киргизилген. Анын алкагында Сосновка постунан жүк ташуучу унааларды өткөрүү токтотулган.
Учурда чектөө толугу менен алынып, оор жүк ташуучу унаалардын Төө-Ашуу ашуусу аркылуу өтүүсүнө кайрадан уруксат берилди.