Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев Жогорку Кеңеште ант берди

18-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 33

Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңеште транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев ант берди. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Ант берүү аземине президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана парламент депутаттары катышты.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында президент Садыр Жапаров Абсаттар Сыргабаевди транспорт жана коммуникациялар министри кылып дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.

18-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X