«Түндүк» аркылуу президенттикке талапкерди кантип колдоого болот?

10-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик кызматка талапкерлерди колдоо үчүн шайлоочулардын колдорун чогултуунун тартибин кайрадан түшүндүрдү. Эми жарандар талапкерди колдоосун «Түндүк» тиркемеси аркылуу электрондук форматта да билдире алышат.

БШКнын маалыматына ылайык, мыйзам боюнча президенттикке талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колун топтошу керек. Колдор эки жол менен чогултулат: булуттук санарип кол тамга аркылуу электрондук түрдө же кагаз жүзүндөгү кол коюу барактары аркылуу.

Электрондук кол чогултуу «Кол чогултуу» автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлөт. Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү система аркылуу топтолгон колдордун санын, тизмесин, ошондой эле шайлоочулардын аймактык жана жаш курактык бөлүштүрүлүшүн көрө алышат.

Белгилей кетсек, талапкерлерди колдоо үчүн кол чогултуунун бул тартиби БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы жобосу менен бекитилген. Учурда «Түндүк» порталын 3,6 миллиондон ашык колдонуучу пайдаланат.

10-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X