«Түндүк» аркылуу президенттикке талапкерлерди колдоого болот
Президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо жараянынын алкагында жарандарга «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу талапкерлерди электрондук түрдө колдоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Маалыматка ылайык, жарандар 2026-жылдын 8-декабрына чейин тиркеме аркылуу бир же бир нече талапкерге электрондук кол тамгасын коюп, колдоо көрсөтө алышат.
Белгилей кетсек, электрондук кол коюу добуш берүү болуп саналбайт. Бул талапкерди президенттик шайлоого катыштыруу үчүн мыйзамда каралган талаптардын бири болуп эсептелет.
Жарандарга шайлоо жараянынын тартиби менен таанышып, «Түндүк» тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрүнөн кабардар болуу сунушталат. Электрондук кол коюу ар бир жарандын жеке тандоосу болуп саналат.