Түп районундагы Көөчү айылында 275 орундуу мектеп курулууда
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Көөчү айылында 275 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 218 миллион сомду түзөт.
Мектептин курулушу 2025-жылдын декабрь айында башталган. Учурда эки кабаттуу имараттын дубалдары тургузулуп, чатырын жабууга даярдык көрүлүүдө.
Долбоорго ылайык, мектеп эки блоктон туруп, жалпы аянты 2703 чарчы метрди түзөт. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, окуучулардын билим алуусуна бардык шарттар каралган. Анда окуу класстары, компьютердик класс, лаборатория, дарыгердин бөлмөсү, китепкана, ашкана, балдар жана кыздар үчүн эмгек кабинеттер, ошондой эле жыйындар залы болот.
Курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ар бир этапта текшерилип, көзөмөлгө алынууда.