Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгына арналган Эл аралык поэзия фестивалы өттү
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу тарабынан акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдык мааракесине арналган Эл аралык поэзия фестивалы уюштурулду.
Фестивалдын алгачкы күнү, 4-июнда, Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада акындын чыгармачылыгына арналган илимий-практикалык конференция болду.
Иш-чаранын ачылышында китепкананын директору Элдар Эртабылдыевич сөз сүйлөп, фестивалдын маанисине токтолду. Андан соң ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Марат Тагаев чыгып, Турар Кожомбердиевдин поэтикалык мурасы жана түрк дүйнөсүндөгү орду тууралуу баяндама жасады.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин искусство бөлүмүнүн башчысы Акжол Доранбек уулу акындын поэтикалык мурасы, обондуу ырлары жана улуттук маданияттагы орду тууралуу белгилеп өттү.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев Турар Кожомбердиевди кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү катары мүнөздөп, анын 300дөн ашык ырына обон чыгарылганын баса белгиледи.
Иш-чарага кыргыз, казак жана өзбек акын-жазуучулары, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү жана акындын жакындары катышты.
Мындан тышкары, ТҮРКСОЙ уюму тарабынан акындын чыгармалары түрк тилине которулуп, китебинин бет ачары өттү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу тарабынан даярдалган “Мен тоолордун уулумун” аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү.
Фестивалдын уландысы бүгүн саат 17:00дө Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында концерттик программа менен өтөт.
Ал эми иш-чаранын экинчи күнү 5-июнда акындын туулган жери Сары-Булак айылында уланат.