Туркиядагы мелдештин жыйынтыгы: балбандар 2 алтын, 1 күмүш, 3 коло медаль алып келишти

28-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 46

Түркиядагы күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдешинде кыргызстандык балбандар Алмаз Сманбеков 57 кг салмакта — алтын, Улукбек Жолдошбеков 61 кг салмакта — коло, Исламбек Орозбеков 74 кг салмакта — коло жана Арсалан Будажапов 79 кг салмакта — коло медалдын ээси болушту. Ал эми кыз-келиндер арасында кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы 76 кг салмакта — алтын, Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта  — күмүш медалдуу болушту.

Эске салсак, мелдеш 24-27-февраль күндөрү Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында болуп өттү.

 

28-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 46
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X