“Туура кесип-Келечек кепилдиги” аттуу форум болуп өттү

2-июнь, 2022-ж. / Редакция / Билим 48

1-июнь күнү Баткен шаарынын Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драм театрында 9-11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган “Туура кесип-Келечек кепилдиги” аттуу форум болуп өттү. Аталган иш-чарага жалпысынан 360 окуучу катыштып, бүтүрүүчүлөргө окуу жайлардын көргөзмөлөрү коюлду.

“Туура кесип- Келечек кепилдиги» иш-чаранын максаты — келечек жаштарын кесипке багыттоо үчүн республикалык жана аймактык жолугушууларды, тренингдерди уюштуруу болуп саналат.

Платформанын алкагында өз кесибинин мыкты адистери Союзбек Надырбеков — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Рамашов Кумарбек Акматалиевич — билим берүү боюнча эксперт, ​Рыспек Абдылдаев — Медицина илимдеринин доктору, профессор, Медер Кутбидин уулу — Сигма Софт It компаниясынын директору, Сейтек Качкынбаев — Бишкек ишкердик клубунун жетекчиси катышып, тажрыйбалары менен бөлүшүп, актуалдуу темалар боюнча презентация тартуулап, туура кесип тандоо багытын көрсөтүштү.

2-июнь, 2022-ж. / Редакция / Билим 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X