"Эркин-Тоо"

«Тыю». Оштогу милиция кызматкерлеринин тактайчага ката жазган жазуулары талкууга алынды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан балдардын сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин сактоосу боюнча түшүндүрүү иштери баштады.
Социалдык тармакта «Сууга түшүүгө тыюу салынат!» деп жазылган тактайчадагы каталар талкууга алынууда. Анда тактайчага «Сууг түшүүгө тыю салынат» деп жазылган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекциясы аптаптуу ысык күндөрдө өспүрүмдөрдүн арасындагы сууга байланыштуу кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин башташты. Сууга түшүү сезону башталган күндөн тартып эле Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы эс алуучуларга, суу жээктеринеде жакын жайгашкан тургундарга түшүндүрүү иштерин баштайт. Анын башкы максаты — сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин сактоо, кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!