Убадалар ишке ашууда
Мындан туура бир жыл мурда 2025-жылдын жай мезгилдеринде Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу алыскы Эңилчек айылына жумушчу сапар менен барган. Мында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, элдин маселеси менен жеринен таанышып келген. Ал сапарда жергиликтүү калк Мамлекет башчысына аймакты өнүктүрүү, узак убакыттан бери ишке ашпай келген жол маселесин чечүүнү, социалдык инфраструктураны жакшыртууну айтышкан.
Президент элге алыскы, жакынкы калктуу конуштарды өнүктүрүү зарылдыгын белгилеген. Арадан 1 жыл өтпөй Мамлекет башчысы убада кылган иштер четинен ишке ашып жатат. Мамлекет башчысы, Транспорт министрине Эңилчек айылына алып баруучу унаа жолун сапаттуу куруу иштерин баштоону тапшырган. Ушу тапта Эңилчек – Каракол авто унаа жолу жана Ак-Булак айылынан Эңилчекке чейинки жолдордо иш кызуу жүрүүдө.
Күжүрмөн тоолук элдин сүйүнүчү
Кыдыр-Аке айыл аймагына караштуу Эңилчек айылынын айыл башчысы Бактыбек Усубакунов:
– Биздин айыл бийик тоолуу жерде орун алган. Айылыбыз эки өлкө менен чектешет. Облустун борборунан 150 км алыстыкта жайгашкан. Бүгүн Эңилчек айылында туруктуу 37 үй-бүлө жашайт. Чоң – кичине жалпы саны 148 адам жашайт. Алардын арасында келип-кетип жашаган жүздөгөн адамдар бар. Мурдараак, айыл эли көбүнчө мал чарбачылыгы менен алектенишчү эле. Акыркы жылдары болсо айылда 2 өндүрүштүк ишканалар ачылып, анын арты менен туруктуу жумуш орундары түзүлүүдө. Айылда 2 кытайлык өндүрүштүк компания иш жүргүзөт, олово, вольфрам металлдары өндүрүлөт. Айылыбызда жаңы бала бакча ачылып, мектеп жамааты чоңоюп, айыл элинде жаңылануулар орун алууда. Аны менен катар айылда туризм багыты да жакшы жолго коюлууда. Жеке менчик конок үйлөрү ачылып, туристтерди кабыл алып жатышат. Айылдагы жер астынан табигый түрдө чыккан ден соолукка даба болгон ысык суу көп коноктордун кызыгууларын артырууда. Биздин айылга 2025-жылы Президент Садыр Жапаров келип кеткенден кийин, бир катар өзгөрүүлөр орун алууда. Президенттибиздин айткан убадалары, аткарган иштери тоо арасындагы күжүрмөн айылдаштарыбызды сүйүндүрүүдө.

Эми Эңилчекте интернет жеткиликтүү
Бүгүн тоо курчаган эң алыскы жерлерди да заманбап технологиялар менен камсыздоо иши уланууда. Жакындан тарта шарты катаал, бийик тоолуу аймагына караган Эңилчек айылындагы мектепте жогорку ылдамдыктагы спутниктик туруктуу интернет иштей баштады. Бул жаңылыкка айыл тургундары, мектептеги мугалимдер жана окуучулар кубанып турган чактары. Анткени, билим берүүнү санариптештирүү жана жарандардын жашаган жерине карабастан, баардыгы үчүн билимге бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты. Буга улай, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мектепке 5 заманбап компьютер берди. Ал өз сөзүндө «сапаттуу жана туруктуу байланышты камсыз кылуу артыкчылыктуу милдетибиз» деди. Ушу тапта өлкөдө интернетке кошула элек 6 мектеп бар. Мамлекет алдыда аларды интернет байланышы менен камсыздоону мерчемдеп жатат.
Санариптештирүүнүн алкагында
Негизинен Эңилчек айылында мобилдик интернет байланыш бар. Бирок, буга чейин интернеттин ылдамдыгы туруктуу эмес болчу. Бул көйгөй, айрыкча мектеп мугалимдеринин иш жүргүзүүсүнө, райондук билим берүү мекемелери менен байланышууда, иш-кагаздарын жөнөтүүдө интернеттин күчү жетпегендиктен көйгөй жаралып келген. Айылга Starlink спутниктик интернети орнотулганы маселени чечүүгө өбөлгө болду.
“Туруктуу интернет ишибизге оң таасирин тийгизет”
Эңилчек орто мектебинин директору Бактыбек Майлыбаев:
— Биздин мектеп мурдагы мектеп интернаттын ордуна 50 орундуу башталгыч класстар үчүн мектеп болуп, 1997-жылы ачылган. Ал эми 2024-жылы мектебибизде өрт болуп, өрттөнүп кеткен. Мындан улам, айыл өкмөттүн имаратына жайгашып, окуу процесси жүргүзүлүп келет. 2024-2025- окуу жылынан баштап, 9 жылдык негизги жалпы билим берүү статусун алганбыз. Учурда жалпы 26 окуучу билим алат. Алардын 17си башталгыч класстын окуучулары, 9 окуучу 5-8 класстарда билим алышат. Бизге туруктуу интернеттин камсыздалышы иш алып баруубузга оң таасирин тийгизет. Бул биздин мектеп үчүн жаңы мүмкүнчүлүк десем жаңылбайм.
Мээрим Бактыбек кызы