УКМК: «Айыл-Банк» ААКнын бир катар жооптуу кызматкерлери кармалды
Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүү боюнча «Айыл-Банк» АККда коррупциялык схема болгондугу тууралуу текшерүү жүргүзүзүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2017-жылы “Айыл-Банк” ААК тарабынан «Россиф» ЖЧК жеке ишканасына мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилип, күрөөнү жасалма түрдө көбөйтүү менен 3,5 млн АКШ доллары (295,7 млн сом) өлчөмүндө насыя берилген.
“Россиф” ЖЧКсы тарабынан банкка күрөөгө койгон 348,5 миллион сомдук мүлк Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын баасы боюнча болгону 271,8 миллион сомду түзүп, ортодогу айырма 76,6 миллион сом болгону аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде, 2022-жылдын 8-февралында УКМК тарабынан насыяларды берүүдө коммерциялык субъектилердин кызыкчылыктарын көздөгөн туруктуу коррупциялык схема түзүлгөндүүгү аныкталган. Бул боюнча “Айыл-Банк” ААКнын бир катар жооптуу кызматкерлери — “Ш.У.Ж.”, “С.М.А.” жана “А.Ж.А.” аттуу жарандар кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылууда.