УКМК: Аткезчилик жол менен электрондук чылымдарды ташыган канал аныкталды

22-апрель, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 30

Кытайда чыгарылган электрондук чылымдарды Кыргызстанга мыйзамсыз алып келип саткан жана Россияга транзиттик жол менен алып өтүп турган канал аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-апрелде чет элдик жарандан 50 миң доллар опузалап талап кылган, мурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон И.М.Н. жана чет мамлекеттин жараны,  Россиянын атайын кызматынын мурдагы кызматкери Э.Н.И. кармалган.

Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренеси боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Жунхай” базарынан Кыргызстанга бажы алымдарын төлөбөстөн ташылып келинген 70 миңден ашык электрондук чылымдардын партиясы табылган. Анын жалпы баасы 200 миң доллардан көп экени айтылат.

«Кармалгандар Кыргызстанга жана Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге сатуу максатында электрондук чылымдарды Кытайдан аткезчилик жол менен алып өтүшкөнү аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда көзөмөлдөөчү органдардын кызмат адамдарынын бул мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар экендиги, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү аныкталып жатат.

 

22-апрель, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 30
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X