"Эркин-Тоо"

УКМК: Баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

УКМКнын, Манас эл аралык аэропортунун Ош филиалынын текшерүү кызматынын, Түштүк-батыш бажысынын контрабандага каршы күрөшүү жана бажы жол-жоболорун бузуу башкармалыгынын  кызматкерлери контрабанда жолу менен баалуу металлдарды ташып келүүнү жана ташып чыгууну аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзгөн контрчалгындоо иш-чараларынын алкагында, Ош шаарындагы аэропорттун аймагынан сары түстөгү металлдарды алып өтүүгө аракеттенген жарандарды колго түшүрдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

14-апрелде Ош-Бишкек багыты боюнча учууга аракет кылып бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда М.Л.К., М.Т.Т., Н.Н.К. жана М.Н.К.  аттуу Өзбекстан Республикасынын жарандарынан сары металлдан жасалган буюмдар табылган. Болжол менен алтындан жасалган кол чынжырчалардын салмагы 1925,22 граммды түзгөн.

Маалыматка ылайык, кармалгандар Өзбекстандан Кыргыз Республикасынын аймагына “Достук” өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек арадан алтын буюмдарды мыйзамсыз алып өтүшкөн.

Азыркы учурда кармалган жарандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!