УКМК: Чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн туруктуу каналга бөгөт коюлду
Кыргыз Республикасынын УКМК жана чек ара заставасынын кызматкерлери менен биргеликте, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү үчүн туруктуу каналдарды түзүшкөн адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду деп билдирет аталган ведомствонун басма сөз кызматы.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) жана 43-берене (Кылмышка кошо катышуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Талас облусунун Манас районунун «К.Б.Ш.», «Д.Р.А.» жана «М.А.У» аттуу 3 жергиликтүү тургуну аныкталып кармалышты.
Такталган маалымат боюнча, аталган тургундар чек араны контролдоо пунктунан тышкары жерден Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасынын кесилишинен жарандардн мыйзамсыз алып өтүүгө, акча каражаттарын алып өткөрүү боюнча туруктуу канал түзүп алышкандыгы аныкталды. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдары кошумча кароо үчүн Сотко жөнөтүлдү.